Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 07:18

Бүгүн бир жыл мурда, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ кыштагындагы учак кырсыгынан каза болгондорду жарандык активисттер, жергиликтүү жашоочулар эскерип, куран окушат.

Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова “Азаттыкка” кабарлады. Учак курмандыктарын эскерүү иш-чарасынын катышуучулары маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшат.

Былтыр Дача СУ кыштагына жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч набыт болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, учак аэропортко май куюш үчүн токтогону келе жатып кырсыктаганы маалымдалган.

Кечээ, 14-январда президент Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугуп, белек тапшырды. Жакындарынан айрылгандарга көңүл айтты.

13-январда кырсык болгон жерде эстелик ачылган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG