Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Калилов: "Иштебеген техника үчүн май алган" деген маалымат жалган


Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун айткандарына жооп кайтарды. Министр иштебеген техника үчүн күйүүчү май алган учурлар жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Былтыр иштеген-иштебеген техника каражаттары инвентаризациядан өткөрүлгөн. Иштебегендерди Мамлекеттик мүлк комитети аркылуу тизмеден чыгарабыз. Кемчиликтер бардыр, биздин чарба чоң. Кемчиликтерди жоюунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бирок иштебей турган техниканы "иштеди" деп пайдалануу мүмкүн эмес.

12-январда Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясы коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын караган.

Анда эл өкүлү Талант Мамытов Транспорт жана жолдор министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу зарыл экенин белгилеген.

Депутат айрым кызматкерлер "бузулуп калган техниканы колдонду" деген шылтоо менен күйүүчү майды өз максатына жумшап жатышканын айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG