Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Айрым жолдор үчүн акы алуу 2019-жылдан тартып сунуш кылынышы мүмкүн


Түндүк-түштүк атаандаш жолунун курулушунан.
Түндүк-түштүк атаандаш жолунун курулушунан.

Кыргызстандагы айрым жолдор үчүн акы алуу 2019-жылдан тартып сунуш кылынышы ыктымал. Азыр бул багытта түзүлгөн жумушчу топ мыйзамдык жана укуктук-нормативдик документтерди шайкеш келтирүү багытында иштеп жатат.

Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Акы төлөнүүчү жолдорду киргизүү министрликтин күн тартибинде бар. Атайын жумушчу топ азыр иштеп жатат, бул маселени биз токтоткон жокпуз. Быйыл кагаз жагын тууралап бүтүрөбүз. Акы төлөнчү жолдорго Кубакы-Кочкор, өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү альтернативдүү жолу кирет. Бишкек-Токмок айланма жолу да айтылып жатат.

Буга чейин бул министрлик жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында акы алынчу жолдорду 2018-жылы 26 чакырымга, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жеткирүү пландалып жатканын айткан. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган.

Азыр бир дагы жолго акы төлөнбөйт. Болгону айдоочулар Бишкек-Ош жолундагы туннел үчүн төлөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG