Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:25

Бишкек-Ош каттамы үчүн учак билети арзандайт


Бир катар авиакомпаниялар Бишкек-Ош каттамы боюнча учак билеттерин арзандатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт менен “AirManas”, «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары атайын келишим түзгөн. Анын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы кескин өзгөргөнүн эскерткен учурда билеттер 2700 сомдук наркынан 27 пайызга арзан сатылат.

Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек-Ош жолунун кооптуу участокторунда чектөө киргизилет.

Ал эми күн ачылгандан кийин билеттин баасы бекитилген нарк боюнча сатылат.

Буга чейин Бишкек-Ош каттамындагы билет баасы өтө кымбат экени парламентте көтөрүлгөн.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG