Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Депутат Шыкмаматовдун шаардык соттогу иши жылдырылды


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун Бишкек шаардык сотундагы иши 23-январга жылдырылды. Буга депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын башка жараянга катышканына байланыштуу сотко келбегени себеп болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 5 млн. сом айыпка жыккан эле. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге былтыр 17-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат.

Германиянын жараны Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатыш үчүн тендерге катышкан.

Райондук соттун чечимине макул болбогон Шыкмаматовдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. (BkA/AiA)

XS
SM
MD
LG