Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов фотограф Влад Ушаковдун үстүнөн сотко кайрылбайт.
Бул тууралуу Рустамов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ал Жууку капчыгайындагы карагайлардын кыйылышы боюнча маалыматтан улам фотограф менен соттошуу ниетинен баш тартканын билдирди.
Бирок Жети-Өгүз райондук токой чарба агенттиги сүрөтчүгө каршы сотко кайрылышы мүмкүн экенин Рустамов четке каккан жок.
Токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги "жалган маалымат таратууда" деп эркин фотокабарчы Влад Ушаковду сотко берерин жарыялаган эле. Буга Ушаковдун Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайындагы карагайлардын кыйылышы боюнча сүрөтү жана социалдык тармактарга жазган билдирүүсү себеп болгон.
Фотокабарчы буга чейин Жууку капчыгайында кыйылып жаткан карагайлар тууралуу видео дагы тартканын, бул мыйзамсыз ишке токойчулар өздөрү катышканын далилдегенин билдирген.
Социалдык тармактардагы кызуу талкуулардан кийин премьер-министр Сапар Исаков капчыгайдагы бак-дарактарды кыюу фактыларын текшерип, чара көрүү боюнча тапшырма берген. (BkA/UEz)