Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:59

Түптүн акими кызматтан кетүү боюнча арыз жазды


Түп.

Түп районунун администрация башчысы, аким Советбек Исмаилов өткөн жумада кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул маалыматты район башчысы "Азаттыкка" өзү ырастады. Өз айтымында, ал үй-бүлөлүк абалынан улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.

Исмаилов учурда өз ишин аткарууну улантууда. Анын арызы 14 күндүн ичинде каралышы керек.

Облустук жетекчилик да Исмаиловдун өз каалоосу менен арыз жазганын ырастады.

Советбек Исмаилов Түп районунун акими болуп 2016-жылдан бери иштеп келген. (AsM)

XS
SM
MD
LG