Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү келишет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-январда Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Селами Кылыч жана түрк өкмөтүнүн Борбор Азия менен Кавказдагы кызматташтык агенттигинин жетекчиси Али Өзгүн Бишкекке келишет. Алар курулушу аяктаган "Бишкектеги кыргыз-түрк достугу" ооруканасына барышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Меймандар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү өкүлдөрү менен жолугушат. Анда оорукананы колдонууга берүүнүн тартиби, мындан аркы эки өлкөнүн саламаттык тармагындагы кызматташтыгы талкууланат. Мамлекет аралык комиссия жаңы салынган оорукананага мамлекеттик статус берүүну макулдашууда. Бирок башкаруу жана дарылоо системасы дүйнөлүк стандартка ылайыкташып, жогорку технологиядагы кардиохирургия, эндоскопиялык хирургия, гастроскопия, ультраүндүк диагностика, компьютер, магниттик томография жабдуулары коюлуп, заманбап лаборатория иштейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG