Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыз жазды. Мындай маалыматты Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, арыз 15-январда Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Эми БШК ал арызды карап, чечим кабыл алышы керек.

Президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошондон кийин Бабановго карата конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага анын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү негиз катары каралууда.

Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG