Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Украинада тирешүүдөн улам СПИДдин жайылышы күчөдү


Киевде СПИДдин курмандыктарын эскерүү иш-чарасы. 19-май, 2017-жыл.
Киевде СПИДдин курмандыктарын эскерүү иш-чарасы. 19-май, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардагы PNAS журналында жарыяланган жаңы иликтөөнүн тыянагына караганда, Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуу ВИЧ инфекциясынын өлкө боюнча жайылышына салым кошту.

Америкалык журналдагы маалыматка караганда, өзгөчө Донецк жана Луганск шаарлары СПИД илдетин өлкөнүн башка бөлүктөрүнө, анын ичинде Киев жана Одесса шаарларына жайылтуудагы башкы очокко айланды.

Жалпысынан Украина өзү деле ВИЧ инфекциясын жуктургандардын көрсөткүчү эң жогорку өлкөлөрдүн катарында.

45 миллион калкы бар Украинада бул илдетке кабылгандардын саны азыр 220 миңдин тегерегинде.

Оксфорд университети жана Англиянын саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик мекемеси баштаган окумуштуулардын эл аралык тобу соңку иликтөөнү жүргүзүүдө согуштан улам Украинанын чыгышынан 1,7 миллион адамдын жер которушу менен ВИЧ инфекциясынын жайылышынын ортосундагы байланышты аныкташкан.

Окумуштуулар тобунун баяндамасында “Украинадагы ВИЧ кризиси тынч эпидемияга айланды. Анткени инфекцияны жуктургандардын жарымы аларда мындай илдет бар экенин билбейт, ал эми диагнозу жаңы аныкталгандардын 40% илдеттин акыркы баскычтарында” - деп көргөзүлөт. (UE)

XS
SM
MD
LG