Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Украин парламентинин жанында демонстранттар менен полиция кагылышты


Жогорку Раданын жанындагы кагылышуу. Киев, 16-январь, 2018-жыл.
Жогорку Раданын жанындагы кагылышуу. Киев, 16-январь, 2018-жыл.

Кагылышуу украин парламенти орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарды “реинтеграциялоо" жөнүндө мыйзам долбоорун карай турган учурга туш келди.

Демонстранттар Жогорку Раданын жанына келип, желим дөңгөлөктөрдү жана Орусиянын желектерин өрттөштү.

Полиция менен өрт өчүргүчтөр болсо күйүп жаткан дөңгөлөктөрдү өчүрүү учурунда аларды өкмөткө каршы демонстранттардын былтыр жыл соңунан бери Жогорку Раданын жанында тигилген чатыр лагерине карай ыргытышкан.

Бүгүн парламенттин алдына келген демонстранттар “реинтеграция" жөнүндө мыйзамды ыкчам кабыл алууну талап кылышууда.

Анда Украинанын Луганск жана Донецк облустарынын бөлүктөрүн 2014-жылдан бери көзөмөлдөгөн жикчилдерди колдоп келе жаткан Орусия “агрессор” деп аталган.

Бул маанилүү мыйзамдын талкууланышын утурлай Киевдин полициясы парламент менен өкмөттүк имараттардын жанына 3800дөн ашуун кызматкерин жайгаштырганын билдирген. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG