Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

ФИФА орус футболундагы кызытма боюнча иликтөөнү күчөтөт


Орусиянын курама командасы. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Орусиянын курама командасы. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) билдиргенине караганда, анын өкүлдөрү азыр Москвадагы антидопинг лабораториясынын мурдагы директору Григорий Родченковдун өзүнүн маалымат беришин суранышты.

Орусиядан качып кеткен Родченков буга чейин ачыкка чыгарган маалыматтар Орусиянын Олимпиадага жана башка спорттук иш-чараларга катышуусуна тыюу салууга түрткү болгон эле.

ФИФАнын иликтөөсү Орусия футбол боюнча быйылкы дүйнө чемпионатына кызуу даярдык көрүп жаткан учурга туш келди.

Федерация өзү мурдараак "кызытма жаңжалы дүйнөлүк чемпионатка терс таасир тийгизбейт" деген ишенимин билдирген.

ФИФА буга чейин маалыматты Родченковдун өзүнөн түз сураган эмес.

Анын "орусиялык футболчулар допинг колдонду" деген 34 учур, анын ичинде 2014-жылдагы чемпионатта колдонгону боюнча далилдери Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) баяндамасында жарыяланган.

WADA жакында Москвадагы лабораториянын базасындагы анализдердин 3000дөй үлгүсүн калыбына келтире алганын, алардын 154ү футболчулардыкы экенин билдирген.

Москванын кезинде Григорий Родченков иштеген кызытмага каршы лабораториянын маалымат базасынан алынган далилдер Орусиянын келерки айда Түштүк Кореяда башталуучу кышкы Олимпиадага катышуусуна, ошондой эле орусиялык айрым спортчулардын Олимпиадага өмүр бою катышуусуна тыюу салган чечимдерге негиз болду. (UE)

XS
SM
MD
LG