Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:13

Косовонун бийлиги серб саясатчысынын өлтүрүлүшүн айыптады


Косоволук серб саясатчысына ок атылган жер. 16-январь, 2018-жыл.

Президент Хашим Тачи өз билдирүүсүндө күч түзүмдөрүн кылмыштын бетин мүмкүн болушунча тез ачып, серб саясатчысын өлтүрүүнү уюштургандардын жазаланышын камсыз кылууга чакырды.

Косовонун өкмөтү Оливер Ивановичтин өлтүрүлүшүн “мыйзам үстөмдүгүнө, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракеттерине кол салуу” катары баалады.

Брюсселден болсо Сербиянын делегациясы Косовонун бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жаткан жерден чыгып кетти. Белграддагы расмий адамдар бул кандуу окуяны “Сербияны хаоско түртүү аракети” катары баалашты.

Серб президенти Александр Вучич Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды.

Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Сербиянын да, Косовонун да президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптарды “сабырдуулукка жана мыйзам үстөмдүгүн орнотууга” үндөдү.

Оливер Иванович бүгүн эртең менен Митровица шаарынын сербдер көп жашаган түндүк бөлүгүндө, өз кеңсеси алдында окко учуп мерт болду. Маалыматтарга караганда, ага беш ок тийген.

Оливер Иванович 2013-жылдагы жергиликтүү шайлоодо.
Оливер Иванович 2013-жылдагы жергиликтүү шайлоодо.

Оливер Иванович 2009-жылдан бери Косоводо “Эркиндик, Демократия, Адилеттик” аттуу жарандык демилгенин лидери болчу жана алардын талапкерлери былтыркы жергиликтүү шайлоого катышкан.

Ал Косово 2008-жылы Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаганына карабай, 2008-2012-жылы Сербиянын өкмөтүнө кирип, Косово боюнча министрликте мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган.

Оливер Иванович 1998-99-жылдардагы согушка чейин Косово Сербиянын автоном аймагы болуп турган кезде Митровица шаарындагы кенди башкарган.

Евробиримдиктин “Мыйзам үстөмдүгү” миссиясынын соттору былтыр январда Ивановичти "1998-99-жылдардагы согуш учурунда албандарга каршы аскердик кылмышка барган" деп таап, тогуз жылга түрмөгө кескен.

Бирок бул өкүмдү Приштинадагы апелляциялык сот бир айдан кийин эле жокко чыгарган. Учурда бул иш сотто кайрадан каралып жаткан. (UE)

XS
SM
MD
LG