Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Ооганстанда базарга урулган соккудан беш киши мерт болду


Ооган аскерлеринин Фаряб провинциясындагы базасы. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Ооган аскерлеринин Фаряб провинциясындагы базасы. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Фаряб провинциясындагы базарлардын бири минемёттон аткыланганда кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды. Андан тышкары 45 киши, анын ичинде аялдар менен балдар да жаракат алды.

Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү муну "Талибандан" көрүүдө.

Алардын айтымында, минемёттон атуу провинция баштаган бийлик өкүлдөрүнө каршы багытталган болушу мүмкүн. Анткени алар 15-январдан бери аймактагы аскерий операцияга байкоо салуу үчүн базар жайгашкан райондо жүрүшкөн.

15 -январда өлкө борбору Кабулдун чет элдик элчиликтер, маалымат агенттиктери жайгашкан борбордук Вазир Акбар Хан району ракета менен аткыланган эле. Андан эч ким жабыр тарткан эмес. Бүгүн Ооганстандын Ички иштер министрлиги бул окуяга тиешеси бар деп шектелген үч адам камакка алынганын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG