Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Трамп менен Назарбаев Ак үйдө жолугууда


Президенттер Доналд Трамп менен Нурсултан Назарбаевдин кездешүүсү. Вашингтон, 16-январь, 2018-жыл.
Президенттер Доналд Трамп менен Нурсултан Назарбаевдин кездешүүсү. Вашингтон, 16-январь, 2018-жыл.

Жолугушуу башталган кезде кабарчылардын алдында кыскача сөз сүйлөгөн Нурсултан Назарбаев Доналд Трампты кызматка киришкенинин бир жылдыгы менен куттуктап, “Казакстан АКШнын биздин эгемендигибизди, аймактык бүтүндүгүбүздү колдогонун жогору баалайт”, деп белгиледи.

Ак үйдүн мурдараак билдиргенине караганда, АКШ менен Казакстандын президенттери 16-январдагы сүйлөшүүлөрүндө аймактык коопсуздук, эки тараптуу карым-катыш жана экономика маселелерине көңүл бурары күтүлгөн.

Нурсултан Назарбаев Борбор Азия чөлкөмүнөн АКШнын азыркы президенти менен эки тараптуу расмий сүйлөшүү өткөрүп жаткан алгачкы президент болду.

Ак үй эки президент “бир катар эл аралык проблемаларды, анын ичинде Ооганстанды” да талкуулай турганын маалымдаган. Бул маселенин Казакстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги азыркы төрагалыгына да таасири бар.

Казакстандын мамлекеттик “Казинформ” агенттиги болсо Назарбаев Трампка жолукканда Орусия менен мамилени, Сириядагы согушту, соода маселелерин да талкуулай турганын кабарлаган.

- Президент акыркы 10 жылда АКШда бир нече жолу болгон, бирок алар расмий эмес иш сапарлары болчу. Бул иш сапары эки тараптуу байланышты кеңейтүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана инновациялык-технологиялык өнөктүктү тереңдетүү жагынан маанилүү саясий белги катары таанылды, – деп билдирген Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Талгат Жумагулов.

Назарбаев АКШда бул жолу 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине арналган жыйынга да катышат. (UE)

XS
SM
MD
LG