Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:39

Трамп менен Назарбаев коопсуздук маселесин талкуулады


Доналд Трамп менен Нурсултан Назарбаев.

Казакстан менен АКШнын президенттери Нурсултан Назарабев менен Доналд Трамп Ак үйдө жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулашты. Жолугушууда Назарбаев америкалык компаниялар менен 7,5 млрд. долларлык 20дан ашуун келишимге кол коюларын билдирди. Ошондой эле Астана “Боинг” менен "Женерал Электриктен” 900 электровоз алууга ниеттенип жатканын, АКШнын жарандарына визасыз режим киргизүүгө Америка тарап ошондой эле оң жооп берерине ишенерин, эки өлкө ортосунда алгачкы жолу авиакаттам ачыла турганын айтты.

Жолугушуунун алдында журналисттерге кыска сүйлөгөн учурунда Нурсултан Назарбаев Доналд Трампты кызматка киришкенинин бир жылдыгы менен куттуктады. Өз кезегинде Трамп аймактык коопсуздук маселесинде Казакстан маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Ооганстанда терроризмге каршы күрөшүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Назарбаев АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелер өтө эле сууп кеткенине тынчсызданарын айтты.

Ошондой эле Назарбаев АКШнын энергетика министри Рик Перри менен жолугушууда эки өлкөнүн мунай-газ кызматташтыгын оң баалады.

Нурсултан Назарбаев Борбор Азия чөлкөмүнөн АКШнын азыркы президенти менен эки тараптуу расмий сүйлөшүү өткөрүп жаткан алгачкы президент болду. Ал буга чейин АКШга расмий иш сапары менен 2006-жылы барган.

Назарбаевдин АКШга расмий сапары 16-январда башталган. Ал 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине арналган жыйынга да катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG