Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Бейтапканаларда электрондук кезек күтүү системасы киргизилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы кезек күтүүнүн тартибин оңдоо максатында электрондук кезек терминалдарын орното баштады. Бул багытта сегиз терминал сатылып алынганын министрликтин кеңешчиси Елена Баялинова билдирди. Алгачкы терминалдардын бири Бишкектеги №12 бейтапканага коюлду. Бул мекеменин директору Бактыгүл Исмаилова дарыгерлерге күн сайын 800-900 киши кайрыларын, 500-600 кишини тейлөөгө ыңгайлашкан бейтапканага мындай жагдай бир топ оорчулук жаратып жатканын айткан.

Электрондук кезектин тартиби боюнча терминалдан атайын таллон алган бейтаптарды дарыгер монитор аркылуу өзү чакырат. Электрондук кезек күтүү бейтаптар арасындагы кезек талашты азайтып, тейлөөнүн сапатын көтөрөрүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттыкка" билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG