Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Сот “Суу кодексине” каршы арызды карайт


Кумтөрдөгү мөңгүлөр.
Кумтөрдөгү мөңгүлөр.

Бүгүн, 17-январда Бишкектин район аралык соту “Суу кодексине” киргизилген өзгөртүүлөрдү четке кагуу боюнча доо арызды карайт. Бул тууралуу жарандык активист Динара Ошурахунова “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал документти кабыл алууда процедуралык мыйзамдар бузулгандыктан өзгөртүүлөр жокко чыгарылышы керек деп эсептейт:

- Кодекс болобу, мыйзам долбоору болобу, ар бир депутат өзү үчүн гана добуш бере алат. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча келбеген депутаттар үчүн добуш берүүгө тыюу салынган. Бирок ошол күнү үчүнчү окууда көптөгөн депутаттар жыйында болгон жок, парламентке келбесе дагы алардын добуштары протоколго киргизилип калган. Мисалы, Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө жүргөндө протоколдо анын добуш бергени аныкталып жатат. Ошондуктан бул парламент “Суу кодексиндеги” өзгөртүүлөрдү мыйзам бузуу менен кабыл алган.

Сотко “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы кайрылып, Жогорку Кеңештин “Суу кодексин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомун жараксыз деп табууну суранган. Бул иш боюнча алгачкы соттук териштирүү 20-декабрда болуп, тараптар иш менен таанышкан.

Ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алган, аны жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү колдоп берген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев документке 23-ноябрда кол койгон.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү "эрип кеткендиктен кен казууга уруксат берүү" каралган. Документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыккан. Алар мыйзам долбоорун өзгөртүү айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизерин айтып, аны четке кагууну талап кылып жатышат.

Бийлик "Кодекс өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана тиешелүү болот" деп ишендирүүгө аракет кылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG