Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Коомдук кеңештер Сапар Исаковду диалогго чакырды


Кыргыз өкмөтүнүн жыйыны.
Кыргыз өкмөтүнүн жыйыны.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери премьер-министр Сапар Исаковго ачык кат жазышты. Анда “Ачык өкмөт” өнөктөштүгү эл аралык уюмуна Кыргызстанды да кошуу боюнча жарандык активисттердин өтүнүчүнө тез арада жооп бергени үчүн өкмөт башчы Сапар Исаковго ыраазычылык айтылган. Ошону менен катар Исаковдун былтыр декабрда өткөн коомдук кеңештердин жыйынына толук катышпаганынан улам диалог ишке ашпай калганы белгиленген. Өкмөт башчыга жиберилген катта коомдук кеңештер менен мамлекеттик органдар чогуу чече турган бир катар маселелер жана сунуштар айтылган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Экономика министрлигине караштуу коомдук кеңештин жетекчисинин орун басары Ноокат Идирисов билдирди.

- Бизде көп жылдан бери реформа жүрүп жатат, бирок натыйжасы анча эмес. Анткени аны өкмөт өзү жүргүзүп жатат. Биз катта "ошол реформаларды чогуу жүргүзөлү, ошондо жыйынтыгы да жакшы болот, коомдогу ойлор да эске алынат" деп сунуш кылдык. Мисалы, коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде эки революциядан кийин да Кыргызстан 136-орунда экен. Орусия, Казакстан, Армения сыяктуу көп КМШ өлкөлөрүнөн артта экенбиз. "Коррупцияны азайтыш үчүн убакыт керек" дешет. 2010-жылдан бери сегиз жыл өттү. Убакыт жетиштүү, экинчиден, Грузия кыска убакыттын ичинде ушул рейтингде 42-орунга келди, - деди ал.

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер эки жылга, КТРКда беш жылга шайланат. Бул мезгил аралыгында "көп иштер аткарылбай калып жатат" деген жүйө менен алардын иш мөөнөтүн төрт жылга узартууну сунуш кылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Коомдук байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мекемелердин ишинин айкындуулугун камсыз кылыш үчүн түзүлгөн. Ага ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, 15 адамдан ашпоого тийиш. Жети жылдан бери жалпысынан 36 мекемеде коомдук кеңештер негизделген. Азыр анын жыйырма биринде кеңештер толук курамда иштеп, калганында тандоо сынагы жүрүп жатат.

Коомчулукта "байкоочу кеңеш институту башында түзүлгөн максатына жеткен жок, бийликтин айтканынан чыкпайт" деген пикирлер да айтылып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG