Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 23:30

Бишкектеги абанын булганышын азайтуу боюнча жумушчу топ түзүлөт


Бишкектин азыркы абалы.

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгыш үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт. Мындай тапшырма 16-январда премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн, Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу маселеси талкууланган жыйында айтылды. Мындан тышкары, эки жума ичинде абанын булганышы жана аны жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чаралар планын түзүү тапшырылды.

- Биз бул маселе боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана так стандарттарды иштеп чыгуу аркылуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтышыбыз керек. Бул биздин жарандардын ден соолугуна тийиштүү маселе жана ал жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилүүгө тийиш. Биз абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу жаатында чоң секирик жасашыбыз үчүн бардык ресурстарды колдонушубуз керек, – деди Сапар Исаков.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай, жүргүзүлгөн талдоого ылайык, Бишкек шаарындагы абаны негизинен автоунаалар булгайт. Анын айтымында, болжол менен 20 унаанын 16сында абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу нормадан ашат. Бишкекте жана анын чет-жакаларында иштеген жеке мончолор да борбордогу абанын абалына жагымсыз таасир тийгизип жатканы айтылды. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги өткөрүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, ал жаңыланып, түтүн тазалоочу заманбап чыпкалар орнотулгандыктан абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарышы минималдуу деп табылган.

Буга чейин экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Кийинки кезде борбордун асманын көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте жарыяланган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG