Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Кыргызстанда пенсиянын төмөнкү өлчөмү 1800 сомду түзөт


Көчөдө соода кылган кемпир.
Көчөдө соода кылган кемпир.

Кыргызстанда пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 1800 сомду түзөт. Бул тууралуу парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди. Анын айтымында, мындай пенсияны эмгек стажы толук эмес адамдар алып жатат.

Парламентте “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөр талкууланууда. Анда жарандардын пенсияга чыгуу шарттарын жеңилдетүү каралган. Ага ылайык, жарандардын пенсияга чыгыш үчүн документтерди топтоо милдети Социалдык фондго жүктөлөт.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда 630 миңден ашык адам пенсия алат.(BkA)

XS
SM
MD
LG