Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Казакстанга досунун паспорту менен бараткан жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол-автожол" өткөрмө бекетинен башка паспорт менен өтүп бараткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Б.К. аттуу 21 жаштагы жаран досунун паспортун алып келген. Ал муну өзүнүн паспортун жоготуп алганы менен түшүндүргөн. Кармалган жаран Казакстанга бараткан.

Факты боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG