Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Парламентте юстиция министринин жоопкерчилиги жөнүндө сөз болду


Уран Ахметов.
Уран Ахметов.

Жогорку Кеңештин депутаттары юстиция министри Уран Ахметов менен анын орун басары Равшан Абдуллаевдин жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты. Мындай демилгени “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Ал өкмөттөгү юридикалык экспертизаларды жүргүзчү негизги министрлик мыйзамдарга шалаакы мамиле кылып жатканын айтып, анын жетекчилерине чара көрүүгө үндөдү.

- Юстиция министри да комитетте депутаттардын суроолоруна жооп бере албай отурат. Министрдин орун басарынын деңгээли ушул. Ошондуктан бул жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча сунушту премьер-министрге жөнөтүү зарыл, - деди Сулайманов

Жогорку Кеңеште "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга киргизилмекчи болгон өзгөртүүлөр талкууланды. Анда маалымат каражаттарын каттоонун мөөнөтүн азайтуу сунуш кылынган.

Бул мыйзам долбоорун талкуулоодо баяндамачынын милдетин аткарган юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаевдин суроолорго жооп бере албаганын бир катар депутаттар сындап чыгышты.

Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев маселе министрликте эле эмес, парламенттин тармактык комитеттеринде экенин айтып, депутаттарды ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Жыйынтыгында “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору күн тартибинен алынып, кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүлдү.(BkA)

XS
SM
MD
LG