Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Чолпон-Ата ат майданын оңдогон ишкананын жетекчиси кесилди


Эркин Мергенбаев.
Эркин Мергенбаев.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоодон өткөргөн “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркин Мергенбаев алты жылга кесилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мергенбаев "аткезчилик менен алектенип, өлкө сыртынан товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды.

2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарын" өткөрүш үчүн Чолпон-Атадагы ат майданын эки ай ичинде шашылыш кайра курган “Темир-Канат” компаниясынын башчысына өткөн аптада кылмыш иши козголгон болчу.

Мергенбаевге "ат майданын куруш үчүн отургучтарды Кытайдан аткезчилик менен алып келген, салыкты жашырган" деген айып тагылган эле.

Эркин Мергенбаев өкмөттү "ат майданды оңдоого кеткен каражатты толук төлөгөн жок" деп айыптап чыккан.

Кийин Чолпон-Атадагы ат майдан кайрадан оңдоодон өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG