Бишкек-Ош жолунун Көчкүлү-Булак тилкесинде кар көчкүсүн артиллериялык курал менен атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул тилке Ош-Бишкек жолунун 246-чакырымына туура келет. Карды атып түшүрүү иштери 22-январга чейин уланат. Бул күндөрү кан жолдун 132-137, 198-255-чакырымдары да көчкүдөн тазаланат.
Буга Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын бир артиллериялык командасы жумушка тартылган. Аларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу көмөктөшүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында жана Ала–Бука–Каныш–Кыя участкаларында да кар көчкү коркунучу бар. Автоунаалар бул аймактардан өтүүдө бири-биринен 500 метр аралыкта болушу керек экенин ӨКМ эскертет. (ErN)