"Бишкек шаарынын четиндеги Кой-Таш айылындагы Коргоо иштери боюнча комитетке таандык аскердик бөлүктөн 2012-жылы танк радиаторлорун уурдап сатып жиберген" деп айыпталган беш аскер кызматкери беш жылга кесилди.
Бул ишке байланыштуу Аламүдүн райондук соту былтыр 14-декабрда айыпталгандарды сот залынан камакка алуу, үй-мүлкүн конфискациялоо, материалдык зыяндын ордун толтуруу тууралуу өкүм чыгарды.
Айыпталуучулардын адвокаты Мурат Ирискулов алар күнөөсүз соттолгонун айтып Чүй облустук сотуна кайрылды.
Аскер прокурору Нуркамал Набиев “Азаттыкка” кылмыш ишин тергөөнүн жанданышы мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.
Алты жыл мурун Кой-Таштагы аскердик бөлүктөн танктын 72 радиатору уурдалган.
Бул ишке шектүү катары беш аскер кызматкерине каршы кылмыш иши козголгон. 2015-жылдын башында Бишкек Аскер гарнизонунун соту ал аскер кызматкерлерин 16 радиаторду уурдоо боюнча айыптуу деп таап, баарын үч жылга эркинен шарттуу ажыратууга өкүм чыгарган. Калган 56 радиатор боюнча иш өзүнчө бөлүнүп алынган. Аскер прокуратурасы бул ишти 2017-жылы май айында радиаторлордун баасы боюнча жаңы жагдайга байланыштуу себеп менен кайра жанданткан. (BkA/EBM)