Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 01:33

Орусия эмгек мигранттарынын пенсиялык топтомдорун которуу боюнча макулдашууга кол койбой жатат. Бул тууралуу парламентте Социалдык фондун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди. Анын айтымында, макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин алкагында даярдалган. Бирок орус тарап ага кол коюудан баш тартууда.

- Бул мигранттардын пенсиясын Орусияга төлөшү керек болот. Макулдашуу ЕАЭБдин алкагында даярдалган. Бирок маселе Орусия менен гана калып жатат. Эми бул маселе Евразия экономикалык кеңешинде көтөрүлөт, - деди Абжапаров.

Соцфонддун төрагасы мындай келишим Түркия менен да даярдалып, учурда түрк тараптын кароосунда экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG