Бишкек шаардык мэриясы өз аймагындагы жана кире бериш тротуардагы карды тазалабаган 302 ишканага жана чарбалык объектиге эскертүү берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык-экологиялык инспекция эскертүү берилген ишканалардын 81ине айыппул да салды. Булардын ичинде банктар, соода түйүндөрү, дүкөндөр, дарыканалар, кафе-ресторандар, күйүүчү май куюучу жана башка жайлар бар.
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдагы токтомунун негизинде кабыл алынган “Бишкек шаарын иретке келтирүү эрежелерине” ылайык жеке менчик ишканалар ижарада турган аймагына караштуу жана өз короосунун айланасындагы карды тазалап турууга милдеттендирилген. Буга алардын тушундагы тротуарлар да кирет.
“Тазалык” ишканасы негизинен жолду жана жалпы колдонуудагы тротуарларды кардан тазалайт.
Маалым болгондой, былтыр кышта Бишкек шаардык мэриясы кар тазалабагандыгы үчүн жеке обьекттерге 300 миң сом айыппул салган. (ErN)