Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Орусияда бачабаздыкка айыпталган чиркөө кызматкери түрмөгө кесилди


Глеб Грозовский сот залында.
Глеб Грозовский сот залында.

Орусиянын Ленинград облустук соту жергиликтүү чиркөө кызматкери Глеб Грозовскийди бачабаздыкка байланыштуу айыптап, 14 жылга эркинен ажыратты. РИА маалымат агенттиги сот жабык өткөнүн жазды.

Тергөө ал 2011-2013-жылдары Ленинграддагы балдардын православ лагеринде жана Грецияда үч өспүрүм кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп шек санаган.

Грозовский айыптарды мойнуна алган эмес. Ал кылмыш ишин чиркөөгө кайрымдуулук үчүн түшкөн акчанын жаңжалынан улам атайын токулган деп эсептейт. Ал өкүмгө каршы арызданарын билдирди.

Кылмыш иши 2013-жылы козголгон. Анда Грозовский Израилге чыгып кеткен. 2016-жылы Орусияга экстрадицияланып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG