Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:32

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция Бишкек шаарындагы түтүндүн ченемден жогору болушунан улам автоунааларды текшерүүнү баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Анара Мамбеталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул органдын адистери жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте рейдге чыгып, атайын жабдыктар менен унаалардан чыккан түтүндүн нормасын ченей баштаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, унаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугу ченемден кыйла жогору болууда.

Кечээ өкмөттүк жыйында Бишкектеги абаны көбүнесе машинелерден чыккан түтүн булгап жатканы айтылган. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Канатбек Муратбеков автоунаалардын техникалык абалын өз учурунда текшерүү, техникалык көзөмөлдү киргизүү зарыл экендигин билдирген.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жыл сайын Бишкектин атмосферасына 240 миң тоннадан ашык зыяндуу калдыктар бөлүнсө, алардын 180 миң тоннасы автоунааларга туура келерин маалымдаган. Бишкек жылуулук борборунун үлүшү жалпы зыяндуу калдыктардын 14 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG