Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

“Дүйнө Айтматовду окуйт” деген акция башталды


Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары немис тилинде.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары немис тилинде.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Дүйнө Айтматовду окуйт” деген акция башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Акциянын шарты боюнча социалдык тармактардын ар бир колдонуучусу жазуучунун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны видеого тартып жарыялашы керек. Иш-чаранын катышуучусу видеонун башында өзүн тааныштырып, мамлекетинин жана окуган шаарынын аталышын айтышы талап кылынат. Ал эми чет мамлекетте билим алып жаткан студенттер кайсы мамлекетте болсо, ошол өлкөнүн тилинде чыгармалардан үзүндү окуп видеого жаздырат.

Даяр видеону социалдык тармактарга #Aitmatov #educationkg хештеги менен жарыялоо зарыл, видеонун узактыгы 2 мүнөттөн ашпашы керек.

Иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер жана чет мамлекетте билим алгандар да катыша алат. Акциянын максаты улуу жазуучуну даңазалоо, анын чыгармаларын окуу маданиятын калыптандыруу болуп эсептелет. (ErN)

XS
SM
MD
LG