Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

“Ала Арча” комплексинин айрым жашоочулары саясатчыларды айыптады


“Ала-Арча” турак жай комплексинин жашоочулары. 17-январь, 2018-жыл
“Ала-Арча” турак жай комплексинин жашоочулары. 17-январь, 2018-жыл

“Ала-Арча” турак жай комплексинин айрым тургундары мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековду айыптап чыгышты. Конуштун тургуну Евгения Кухтанын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясатчылардын жубайлары бүгүн шаарчанын башкармалыгынын имаратын ээлеп алып, башкармалыктын мүчөлөрүнүн иштешине мүмкүндүк бербей жатышат.

- Жакында комплекстин тургундары жаңы башкармалык шайлап, төрага дайындаганбыз. Бирок мурдагы башкармалык бизге мөөрдү, документтерди бербей, ар кандай тоскоолдук кылып келген. Бүгүн болсо Келдибеков өзүнүн жансакчылары менен келип, башкармалыктын имаратын ээлеп алды. Учурда анын жанында Куловдун жубайы Фатима Абдрасулова да бар, - деди Кухта.

Евгения Кухтанын айтымында, Феликс Кулов менен Акматбек Келдибековдун бул турак жай комплексинде үйлөрү бар. Алар мурдагы башкармалыкты колдоп, башка жашоочулардын талаптарына баш ийбей жатышат.

Кухта мурдагы башкармалыктын учурунда комплекс үчүн жыйналган каражаттар негизсиз пайдаланылып, Социалдык фондго 2,5 миллион сомдон ашык карыз болуп калганын кошумчалады.

Бирок “Азаттык” радиосу Феликс Кулов менен байланышканда бул маалыматтарды каралоо катары баалады. Саясатчынын айтымында, эч ким башкармалыктын имаратын басып алган жок.

- Эч кандай басып алуу болгон жок. Бул жөнүндө сөз да жок. Бул жерде айрым кошуналарыбыз авантюра менен алектенип, негизсиз жерден ызы-чуу чыгарып жатышат, - деди Кулов.

Феликс Куловдун маалыматына караганда турак жай комплекси “Ала-Арча 1” жана “Ала-Арча 2” деген эки бөлүктөн турат. Саясатчы жакында конушту экиге бөлүү боюнча маселе көтөрүлгөндө айрым тургундар туура эмес түшүнүп чыр чыгарып жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG