Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Сапар Исаков жолугуп, аймактарды өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Президент аймактардын негизги көйгөйлүү маселеси таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин тартыштыгы, начар жолдор экенин айтып, буларды жакшыртууну талап кылды. Ал ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүүнү тапшырды.
Президенттик аппарат тараткан билдирүүдө жолугушууда спикер менен өкмөт башчы эмне деп сүйлөгөнү жазылган эмес. (ErN)