Нурсултан Назарбаев Доналд Трамп менен жолугушуу учурунда АКШ менен Орусия мамилелерине тынчсызданып турганын, алар бирге иштесе глобалдык маселелерди чече аларын билдирди.
- Түндүк Кореянын маселесин АКШ, Кытай жана Орусия гана чогуу чече алат. Ушуга байланыштуу Кошмо Штаттар менен Орусиянын саясий ымаласы эң төмөнкү чекке жетиши албетте, бизди, коңшуларды тынчсыздандырат, - деди казак президенти америкалык президент менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында.
Казакстан 90-жылдары Советтер Союзунан калган өзөктүк арсеналынан баш тартып, Семипалатинскидеги полигонун жапкан. Ушуну эске алган Назарбаев калган өлкөлөрдү өзөктүк дүрмөттөн арылууга чакырууга "моралдык акысы" бар экенин белгиледи.
Ушу тапта АКШ, Орусия, Британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан, Түндүк Корея жана Израил өзөктүк куралга ээ экени айтылат.
Түндүк Корея өзөктүк сыноолорун байма-бай өткөрүп келаткандыктан БУУнун Коопсуздук кеңеши, АКШ акыркы убактарда Пхеньянга каршы санкцияларын күчөткөн.