Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Бостеридеги “Осьминог” ресторанынын ээси мамлекеттик коргоого алынды


"Осьминог" рестораны өрттөн кийин.
"Осьминог" рестораны өрттөн кийин.

Бостеридеги өрттөнгөн “Осьминог” ресторанынын ээси Аскат Асанкадыров үй-бүлөсү менен мамлекеттик коргоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады.

- Тергөөнүн негизинде жабырлануучу Аскат Асанкадыровду үй-бүлөсү менен мамлекеттин коргоосуна алуу боюнча токтом чыкты. ИИМде Мамлекеттик коргоо боюнча өзүнчө башкармалык бар. Коргоонун ар кандай методдору бар, ошого ылайык чаралар көрүлөт.

7-январда эртең менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында "Осьминог" аттуу ресторан толугу менен өрттөнүп кеткен. Ресторандын ээси муну уюшма кылмыш топторунан көргөн. Жергиликтүү милиция "өрткө газ баллондун жарылышы себеп болушу мүмкүн" деген жоромолду айтып чыккан. Бул окуя Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, комитет жыйынында парламент депутаты Элвира Сурабалдиева күч органдары ишкерлерди коргобой жатканын сынга алган.

Дагы бир эл өкүлү Дастан Бекешев ишкерге уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтып мурда эле милицияга кайрылганын, бирок милиция кармалгандарды камактан бошотуп жибергенин билдирген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG