Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:43

Бишкек шаардык сотунда Аида Салянованын соту уланат


Аида Салянова.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин кароону улантат. 15-декабрдагы соттук жараян Салянованын ден соолугуна байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Адвокат Чынара Жакупбекованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, Салянова ооруканадан чыга элек.

Буга чейин ишти караган соттук коллегиянын башчысы, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова Салянованын илдетинен күмөн санап, ал сот жараянына мажбурлап алынып келиниши мүмкүн экенин айткан. Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия депутаттын абалын текшерип чыгып, анын чын эле ооруп жатканын ырастаган болчу.

Аида Саляновага карата кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG