"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы "Осьминог" ресторанынын ээси Аскат Асанкадыровду опузалаган" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады:
- "Ишкерди опузалаган" деп шек саналган жарандар боюнча иш алып барып, үйлөрүн тинтүү маалында ар кандай баңгизат, ок-дары табылды. Бул боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, эки жаран тең убактылуу тергөө абагында кармалып турат.
Таштан уулунун айтымында, шектүү катары кармалган эки жаран тең ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
7-январда эртең менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында "Осьминог" деген кафе толугу менен өрттөнүп кеткен эле. Кафенин ээси муну уюшма кылмыш топторунан көргөн. Жергиликтүү милиция болсо "өрткө жарылган газ баллон себеп болушу мүмкүн" деген жоромолду айтып чыккан. Бул окуяга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлүп, эл өкүлү Дастан Бекешев ишкерлер уюшкан кылмыштуу топтордун кысымына кабылып жатканын айткан. (КЕ)