Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Трамп: Орусия БУУнун санкцияларын бузуп, Пхеньянга жардам берүүдө


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

Шаршембиде АКШнын президенти Доналд Трамп Орусияны "эл аралык санкцияларды бузуу менен Түндүк Кореяга керектүү нерселерди жеткирип берип жатат" деп айыптады. Анын айтымында, Пхеньян АКШга чейин жете турган алыскы аралыктагы ракета түзүүгө жакындагандан жакындап баратат.

"Түндүк Корея маселесинде Орусия бизге таптакыр жардам берген жок", - деди Трамп "Рейтер" агенттиги менен болгон маегинде. "Кытай бизге жардам берип жатса, Орусия тоскоолдук кылууда. Башкача айтканда, Кытай кылган нерселерди Орусия жокко чыгарып жатат", – деди Трамп.

Кытай менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга каршы киргизген акыркы санкцияларын колдошкон.

АКШнын президенти өз маегинде Түндүк Кореяны быйыл өз алдында турган глобалдык маселе катары сыпаттап, ал өлкөнүн лидери менен сүйлөшүүдөн пайда чыгарынан күмөн санап жатканын билдирди. Өткөн жылы Трамп Ким менен түз сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес.

"Мен аны менен сүйлөшөм, бирок бул маселени чечерине ишенбейм", - деген Трамп АКШнын буга чейинки президенттеринин түндүк кореялыктар менен сүйлөшүүлөрү бул өлкөдөгү өзөктүк жана ракеталык программаларды чектей албаганын айтты. Ал Пхеньян менен тирешти "тынчтык жолу менен чечүүгө үмүттөнөрүн, бирок бул ишке ашуусу да, ашпашы да мүмкүн" экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG