Талибдердин делегациясы Ооганстандагы согушту токтотуу тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүү боюнча кеңеш өткөрүш үчүн Исламабадга барды. Бул тууралуу "Рейтер" агенттигине талибдердин жогорку даражадагы эки өкүлү билдирген.
Азырынча расмий эмес жолугушууларда кандайдыр жылыш болгон-болбогону белгисиз. 2015-жылкы буга чейинки аракеттер башталары менен дароо токтоп, алар кайра түз сүйлөшүүлөрдү калыбына келтире алышкан эмес.
"Рейтер" кабарлагандай, Исламабаддагы жолугушуудан мурда талибдер менен "Хизб-и-Исламинин" өкүлдөрү Түркияда жолугушкан. "Хизб-и-Ислами" тобу мурда талиптердин курамында болуп, бирок 2017-жылы курал-жарагын таштап, Ооганстандын өкмөтү тарапка өткөн.
Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Исламабаддагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Талибдердин өкүлдөрү да бул боюнча суроого так жооп беришкен жок. Дүйшөмбүдө эки тарап тең Түркиядагы сүйлөшүүлөргө катышканы тууралуу маалыматты четке кагышкан. Бирок атын атабаган талибдердин жогорку кызмат адамдарынын бири дүйшөмбүдө жогорку лидер Хайбатулла Ахунзада Исламабаддагы жолугушууну жактырганын билдирди. Талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө кыймылдын легитимдүү өкүлдөрү болбогонун айткан.