Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Депутат учактар кармалган учурдагы жалпы тартипти эскертти


"Манас" аба бекети.
"Манас" аба бекети.

"Аба ырайына байланыштуу учактардын каттамы кармалган учурда жүргүнчүлөрдү тамак-аш, мейманкана менен камсыз кылуу аба компанияларынын милдети" деп айтты Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Тазабек Икрамов. Ал акыркы күндөрү аба ырайына байланыштуу каттамдары кармалып, аэропорттордо түнөөгө аргасыз болгон жарандарга эч ким кам көрбөгөнүн билдирип, бул үчүн билет сатып, каттамдарды жүргүзгөн компаниялар жоопкерчиликтүү экенин эскертти.

- Кыргызстандын тартиби боюнча учак төрт сааттан ашык учпай кармалса бул компаниялар жүргүнчүлөрдү ысык тамак-аш менен камсыз кылууга милдеттүү. Эгер сегиз сааттан ашык кармалса, түнөк бериши керек. Биз билгендей, мунун бири да болгон жок. Он эки сааттап күткөн жарандарыбыз суукта аэропортто жатышты. Мына ушундай жоопкерчиликсиз компаниялардын айынан биздин улуттук ишканабыз банкротко учураган. Учурда тармакты сызга отургузуп, "кара тизмеге" киргизген жетекчилерди дагы эле кармап отурабыз. Өкмөттүн өкүлү ушул маселеге көңүл буруп койсо.

Аба ырайына байланыштуу Бишкек, Ош шаарларындагы аэропорттордон учактар учпай, жүргүнчүлөр 8-10 сааттан ашуун кармалган учурлар катталган. "Манас" аэропортундагы шарттын жоктугуна, аба компаниялары уча албай күтүп зарыккан жүргүнчүлөргө тиешелүү деңгээлде мамиле кылбаганына нааразы пикирлер маалымат каражаттарына, социалдык тармактарга жарыяланган.

Мындай дооматтарга "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы жооп берип, учагы учпай кармалган жүргүнчүлөрдү тамак-аш, түнөк менен камсыз кылуу аэропорттун эмес, аба компанияларынын милдети экенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG