Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Өзгөндөгү былтыр жер көчкү жүргөн жерде мектептер авариялык абалда


2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында түшкөн жер көчкү.
2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында түшкөн жер көчкү.

Өзгөндөгү Көлдүк айыл өкмөтүндөгү орто мектеп кооптуу мектептердин тизмесине киргизилип, жаңысы курулууга тийиш болсо да, бул ишке ашырылган жок. Жазында жер көчкү коркунучу жанданарын эскерткен депутат Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө бул маселеге Билим берүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү тармактардын көңүл бурушун талап кылды. Анын айтымында, ушул эле аймактагы Алтын-Булак айылындагы Моңолов атындагы орто мектептин абалы да балдар үчүн кооптуу деп табылган:

- Былтыркы жер көчкүдөн кийин бул мектептер авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген. Бирок кош көңүл мамиледен улам быйыл курулуучу мектептердин тизмесине да киргизилбей калыптыр. Корутунду турат, коркунучтуу экени көрүнүп турат. Жарандар кооптонуп кайрылып жатышат.

Өткөн жылы Өзгөн районундагы жер көчкүдөн кийин аймактагы бир катар айылдар кооптуу жерлерде жайгашканы аныкталып, ӨКМ тарабынан эскертүү берилген. Алтын-Булак айылынан 35 үй-бүлө коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2017-жылы 325 жаратылыш кырсыгы болуп, андан 141 киши каза болгон. Булардын ичинен кар көчкү, жер көчкүлөр 45 кишинин өмүрүн алса, өрттүн айынан беш киши көз жумган.

2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында да жер көчкү жети үйдү басып калган. Көчкүнүн алдында калган алты үйдөн 24 киши каза болгон. Алардын тогузу балдар болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG