Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Ошто үйгө тапанча менен кирип 15 млн. сом карактап кеткендер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында куралдуу карактоого байланыштуу үч шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя 2017-жылдын 29-декабрь күнү болгон. Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда 31 жаштагы ишкердин үйүнө куралчан белгисиз бирөөлөр кирип, үйдөгү ишкерди, аялын жана эки баласын кошо байлап, акча талап кылышкан. Натыйжада кылмышкерлер үйдөгү сейфти акчасы менен кошо алып кетишкен. Анда болжол менен 14 млн. сом, 10 миң доллар жана 560 миң рубль болгон.

Бул кылмыш боюнча шектүү катары кармалгандар Ош облусунун 26-25 жаштагы тургундары экени аныкталды. Тергөө учурунда алар күнөөсүн мойнуна алышты. Алардын жанынан 4 млн. 700 миң сом жана автоунаасы да табылды. Учурда шектүүлөрдүн дагы үч шериги изделүүдө.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG