Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

ЖАМК: "Дөө Чыңгыз" эркиндикке райондук соттун чечими менен чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Чыңгыз Жумагулов абактан чыгып кеткенин ырастады. Аны 17-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошотконун мекеменин басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова билдирди.

Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ болуп, ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкканын кечээ ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу “Азаттыкка” кабарлаган эле.

Бүгүн эртең менен Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева бул маалымат туура эмес экенин айтып, сот Жумагуловду жети жылга эркинен ажыратканын билдирген.

Чыңгыз Жумагулов "киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн" деген айып менен 18 жылга соттолгон. Ага карата өкүмдү 2017-жылдын 6-январында Биринчи май райондук соту чыгарган.

Жумагуловдун адвокаты райондук соттун өкүмүн жокко чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга кайрылып, Бишкек шаардык соту анын абактагы мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан. Бул иш Жогорку сотто каралып, Жумагулов жети жылга абакка кесилген болчу.

2016-жылы апрель айында Бишкектин Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр бишкектик тургундун автоунаасына ок чыгарышкан. Октон жабыркаган киши ооруканага жеткирилип, аман калган. Көп өтпөй милиция бул ишке Чыңгыз Жумагуловдун тиешеси бар экенин аныктап, издөө салган. Жумагулов 2016-жылдын 10-июнунда кармалган. Ал буга чейин да бир нече ирет соттолгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG