Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу аркылуу 2019-жылы Кыргызстанда жаш балдарды эмдөөнүн жаңы түрү башталат. Ичеги-карын ооруларынан коргоочу вакциналар алынып келинет. Алты айга чейинки балдар жугуштуу ичеги-карын ооруларына каршы эмделет.
Бул тууралуу ДСУнун иммунизация боюнча программасынын жетекчиси Роб Батлердин Бишкектеги иш сапарынын учурунда белгилүү болду.
Роб Батлер саламаттык сактоо министри менен жолугуп, Кыргызстандагы иммунизациянын тартиби тууралуу сүйлөштү. Республикалык иммунология борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова “Азаттыкка” ДСУ менен Кыргызстандын иммунологиялык борборунун эки жылдык иштөө планы да талкууланып жатканын билдирди. (BCh)