Ысык-Көл облусундагы Чоң-Талды-Суу капчыгайында бүгүн болгон жол кырсыгынан улам эки адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Азаттыкка” кабарлады.
Маалыматтарга ылайык, “Нива-Тайга” үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан айдоочу рулду башкара албай калып, машине жардан кулап кеткен. Автоунаа бир нече жолу аңтарылып, Сары-Жаз сайына түшкөн.
Кырсыктан 36 жаштагы айдоочу жана 26 жаштагы жүргүнчү каза болгон. Бир адам оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген, ал учурда реанимацияда.
Кырсык болгон жерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Ысык-Көл облустук жана Ак-Суу райондук бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатышат. (ErN)