Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Бишкек—Кара-Балта—Чалдыбар жолунун 1-категориясы боюнча долбоор даярдалып жатканын 18-январда парламентте маалымдады. Анын айтуусунда, категорияга ылайык, жолдун жазылыгы 32 метрди түзгөндүктөн жол жээгиндеги курулуштар алынат. Депутат Исхак Масалиевдин мыйзамдуу курулуштарды алуунун тартиби тууралуу суроосуна жооп берип жатып министр мындай курулуштар мамлекеттин эсебинен ээсинен сатылып алынарын билдирди.
Жамшитбек Калиловдун айтуусунда, жол жээгиндеги үйлөрдүн жана башка курулуштардын саны тууралуу так маалыматтар жок. Депутаттар министрден жол жээгиндеги элдин үйлөрүнө мыйзамдуу мамиле кылууну талап кылышты.
Жогорку Кеңеш бүгүн “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат. Мыйзам долбоору боюнча транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов депутаттарга маалымат берүүдө.
Бишкек—Кара-Балта—Чалдыбар жолунун курулушу башталгандан кийин жолду кеңейтүү максатында жол жээгиндеги дарактар кыйылып, жол боюндагы 200дөн ашуун объект сүрдүрүлөөрүн, алардын ээлерине 2,2 миллион доллар өлчөмүндө компенсация каралганын Транспорт жана жол министрлиги мурда маалымдаган.
Бишкек - Кара-Балта - Чалдыбар жолу Бишкек-Ош жана Бишкек - Ташкент стратегиялык жолдорунун бир бөлүгүнө кирет. (ZKo)