Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташуучу автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып “Азаттыктын” казак кызматы жазды.
Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү саат боюнча 10:30дарда болгон. “Икарус” үлгүсүндөгү автобуста 57 жүргүнчү болгон. Аман калган беш жүргүнчүнүн арасында да оор жаракат алгандар бар.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иштеп жатат. (ErN)