Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Тиллерсон: АКШнын аскерлери Сирияда кала берет


Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон "америкалык аскерлер Сирияда чектелбеген убакытка кала берет. Алар "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун кайрадан баш көтөрүшүнүн алдын алууну көздөшөт" деди.

17-январда Стэнфорд университетинде сүйлөгөн Тиллерсон АКШ ошондой эле Сирияда тынчтык орнотуу процессин ийгиликтүү аягына чыгарууга, президент Башар Асаддын бийликтен кетишин камсыз кылууга, Ирандын ал өлкөгө таасирин азайтууга аракет кыла берээрин белгиледи.

Мамлекеттик катчы мурдагы президент Барак Обама 2011-жылы аскерлерди Ирактан чыгарып, «ката» кетиргенин, Доналд Трамптын администрациясы аны кайталабасын кошумчалады.

7 жылдан бери уланып келаткан куралдуу жаңжалда Иран Орусия менен кошо Асаддын өкмөтүнө колдоо көргөзүп келатат.

XS
SM
MD
LG