Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Бишкектин төмөн жагында өпкөсү ооруган балдар көп


Бишкектин сыртынан көрүнүшү.
Бишкектин сыртынан көрүнүшү.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын иммунология жана аллергология боюнча профессору Таалайбек Абдылдаев Бишкектеги Чоң-Чүй каналынан ылдый жашаган балдарда өпкөнүн ар түрдүү формадагы оорулары жогорку микрорайондордун тургундарына салыштырмалуу көп кездешерин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Профессор башында турган дарыгерлердин тобу бир нече жылдан бери бейтаптарга байкоо жүргүзүп, шаардын абасы кир ылдыйкы райондорунда өпкөнүн обструктивдүү ооруларына, астмага чалдыккан балдар көп катталганын аныктаган.

Бишкектеги абанын булганышы тууралуу Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлүп, коомдо кызуу талкууланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG