БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге залака келтирбөөгө үндөдү.
"Ага тиешеси жок башка маселелер ошол макулдашууга жана анын жетишкендиктерине терс таасир тийгизбестен каралууга тийиш. Аймактык жана эл аралык тынчтыкка, туруктуулукка салым кошкон келишим - өзөктүк куралды жайылтпоо аракеттеринин жана дипломатиянын чоң ийгилиги" деп айтылат 17-январдагы билдирүүдө. Гуттереш Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик "Иран өз милдеттенмелерин аткарып жатат" деп улам-улам тастыктаганын баса белгиледи.
АКШнын администрациясы Ирандын баллистикалык ракета программасын жана ал Сириянын бийлигин, Йемендеги хусит козголоңчуларын колдогонун такай сындап келет.
12-январда президент Доналд Трамп 2015-жылы түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөр киргизилбесе Вашингтон андан чыгаарын эскерткен.
Иран болсо документти өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Келишимди колдоорун буга чейин АКШнын Европадагы өнөктөштөрү да билдиришкен.
Тегеран жана дүйнөлүк алты держава – АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия - кол койгон келишимде "Иран өзөктүк иш-аракеттерин чектейт, ал үчүн эл аралык санкциялардын айрымдары алынат" деп айтылган.